Марал Радиосу

Орточо айлык маяна эң көп өскөн 8 тармак 

2020-жылдын январь-октябрь айларына карата бир кызматкердин орточо айлыгы 17 миң 990 сомду түздү. Бул 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,6 %га жогору. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин материалдарында айтылат.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын алгачкы он айында орточо эмгек акынын өсүш темпи (электр энергиясын, газды, буу жана аба кондицияларын берүү, жеткирүү, кыймылсыз мүлккө байланыштуу  операциялар, транспорттук иш жана сактоо чөйрөсүндөгү ишканаларды жана уюмдарды кошпогондо) экономикалык иштин бардык түрлөрү боюнча ишканаларда жана уюмдарда байкалган.

Орточо айлык акынын өсүшү: