Марал Радиосу

Казакстан: Шахтадагы жарылуудан 4 адам каза болду

Казакстандын Актөбө облусундагы шахтада жардыруудан төрт жумушчу каза болуп, дагы бир адам жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү казак басылмалары жазып чыкты.

Окуя «Актөбө жез компаниясы» ЖЧКсына таандык жез-цинк рудаларын казуучу «Весенная Аралчинская» шахтасында жардыруу иштери учурунда болгон.

Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.