Марал Радиосу

«ЕАЭБге киргенден бери эч кандай түзүмдүк өзгөрүү болгон жок»

Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери эч кандай түзүмдүк өзгөрүү болгон жок. Мындай пикирин Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБдин жалгыз артыкчылыгы, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду аркылуу каражат бөлүнүп, анча-мынча бизнеске кайра иштетүү жөндөмдүүлүгү кирди. Биримдик Кыргызстандын экспорттук денгээлге чоң пайда алып келген жок. Жадагалса, акыркы 6 жылдан бери Кыргызтанга ЕАЭБ мамлекеттеринин товарлары кирип жатат.

«Өлкөдө экономиканын нерв системасы эки нерседен турат. Алар: төлөм (акчанын кирип-чыгуусу) жана соода баланстары. Быйыл төлөм балансы негативдүү, 600 млн доллар артка кеткен. Тагыраагы, ушунча каражат өлкөдөн чыгып кетти да, сомдун кунуна таасир этти. Бул — экономиканын нерв системасынын өнөкөт оорусу. Биз реэкспорттук экономикада жашап келгенбиз», — дейт Итибаев.

Ал Кыргызстандын жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү коргоого мүмкүнчүлүгү, билими жетпей жатканын белгиледи.