Коомдук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору кызматына Бактияр Алиев бекитилди. Бүгүн, 30-декабрда КТРКнын Байкоочу кеңеши талапкерлердин программалары менен таанышты.
Буга чейин директор болууга 15 талапкер арыз берген. Анын экөө — Кадыр Кошалиев менен Дүйшөналы Мамбетөмүров талапкерлигин алып салган. Бүгүн 13 талапкердин программалары угулуп, ар бири менен маектешүү болду.
18-ноябрь күнү КТРКнын башкы директору кызматына талапкерлердин документтери салынган конверттер ачылган.
Коомдук каналдын жетекчилигине ат салышкан талапкерлер:
- Бактияр Алиев
- Сураган Босумбаев
- Сталбек Дюшалиев
- Замир Казакбаев
- Үсөн Көлбаев
- Эрнис Кыязов
- Шайырбек Мукарамов
- Ырыс Окенова
- Абдыкадыр Султанбаев
- Калыбек Тайтекеев
- Болотбек Тиллебаев
- Алим Токторов
- Айбек Турдалиев
КТРКнын башкы директору кызматына сынак 29-октябрда жарыяланган.
5-6-октябрдагы башаламандыктардан кийин КТРКнын мурдагы директору Жайнак Усен уулу өз арызы менен кызматтан кетип, 14-октябрда Бактияр Алиев КТРКнын Байкоочу кеңеши тарабынан башкы директордун милдетин аткаруучу болуп шайланган. Ага чейин ал Республикалык телерадио борборунун директору кызматын аркалап турган.