Марал Радиосу

Күрөш боюнча машыктыруучулар сыйланды

Спортту өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн күрөш боюнча машыктыруучулар сыйланды. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Жоомарт Шамканов 24-декабрда сыйлыктарды тапшырды.

«Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги» наамы төмөнкү адамдарга берилди:

Ошондой эле, кадеттер арасындагы кыз-келиндер күрөшү боюнча ага машыктыруучу Үсөналы Рыскулов, өспүрүмдөр арасындагы эркин күрөш боюнча ага машыктыруучу Нурдин Донбаев агенттиктин Ардак грамотасы менен сыйланышты.