Марал Радиосу

Мамлекеттик бажы кызматында Кырдаалдык борбор ачылды

Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратында Кырдаалдык борбор ачылды. Анын ачылышына премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков, мамлекеттик органдардын жана эл аралык донорлордун өкүлдөрү катышты.

Кырдаалдык борборду түзүүнүн негизги максаты – Мамлекеттик бажы кызматы өткөргөн бизнес-процесстерди санарип форматына которуу.

Кырдаалдык борбордун иши төмөнкүлөргө багытталган:

Мындан тышкары Кырдаалдык борбордо колл-борбор иштейт. Мында телефон, ошондой эле Телеграм каналы жана расмий сайт аркылуу онлайн кайрылуулар боюнча жарандарга кеңеш берүү жүргүзүлөт.

Өткөрүү пункттарында көйгөйлөр пайда болгон учурда колл-борбордун кызматкерлери маселелерди чечүүнү тездетишет. Колл-борбор жыл бою 24 саат иштейт. Борборго 0312 51 06 51 номуру аркылуу чалса болот.

Кырдаалдык борборду түзүүгө республикалык бюджеттен каражат коротулган эмес. Долбоор ЕККУнун, Германиянын Эл аралык Кызматташтык Коомунун (GIZ) «Борбордук Азияда соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү» программасынын жана БУУ БКБнын колдоосу менен ишке ашырылган.