Марал Радиосу

Соттолгон чет элдик жаранга кыргыз паспорту мыйзамсыз берилген

Ош облусунда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаранга мыйзамсыз паспорт берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

2018-жылы Өзбекстандын жараны Нематжон Хомидов Ош облусунун Кара-Суу шаарына каттоого тургузулуп, кыргыз жаранынын паспорту берилгендиги аныкталды.

Бирок паспорт алган учурда аталган жаран чет өлкөдө болуп, 7 жылдан бери өлкө аймагына кирбей жүргөнү белгилүү болду.

Мындан тышкары, бул жаран мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жана Өзбекстанда Жазык-кодекси боюнча сыртынан камакка алуу чечими чыккан.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык-кодексинин 330-беренесинде («паспортту мыйзамсыз берүү») каралган кылмыш белгилери боюнча катталган.

Финпол учурда иш тергелип жаткандыгын жана паспортторду мыйзамсыз берген фактыларды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын кабарлады.