Кыргызстанда 14-декабрга карата беш бейтап каза болду. Анын ичинен бир учур Бишкек шаарында, эки учур Ош облусунда, Баткен облусунда эки учур катталды.
Акыркы бир суткада COVID-19 илдетинин 318 учуру катталды:
- Бишкек — 126;
- Ош — 4;
- Чүй облусу – 79;
- Ош облусу — 6;
- Талас облусу — 4;
- Нарын облусу — 12;
- Ысык-Көл облусу – 46;
- Жалал-Абад облусу – 25;
- Баткен облусу — 16 учур катталды.
Өлкөдө коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 77 миң 674кө жетти.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 258 бейтап сакайды. Алар:
- Бишкек – 96;
- Ош шаары – 29;
- Чүй облусу – 56;
- Ош облусу – 24;
- Талас облусу – 3;
- Нарын облусу – 4;
- Ысык-Көл облусу – 13;
- Жалал-Абад облусу – 18;
- Баткен облусу – 15 адам айыкты.
Өлкөдө коронавирус менен ооруп, айыккандардын жалпы саны 70 миң 450гө жетти.
Бир сутка ичинде 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алып, 9 кызматкер айыкты.
COVID-19 вирусу 4039 медикке жугуп, 3770и сакайды.