Марал Радиосу

Новиков жубайы менен социалдык негизде ачылган ашканага барды

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, вице-премьер-министр Артём Новиковдун жубайы менен борбор калаадагы тамактануучу жайлардын биринде отурган сүрөтү социалдык тармактарда талкууланууда.

Сүрөттө алар жупуну эле жайда отурганын көрүүгө болот.

Көп өтпөй эле ал жер ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер тейлөө көрсөткөн «Solomon Sandwiches» тамактануучу жайы экени маалым болду. Ал жерде айрыкча тез татымдар даярдалып, кардарларга сунушталат. Дареги Сүйүмбаев 142/Огонбаев көчөсү менен кесилишет.

Артем Новиков манасчылардын көйгөйүн укту