Марал Радиосу

341 адамдан коронавириус аныкталды

Кыргызстандын аймагында акыркы бир суткада дагы 341 адамдан COVID-19 диагнозу аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ошентип, Кыргызстанда жалпы 77 миң 59 адамдан коронавирус жана пневмония тастыкталган. Ошол эле учурда өлкө аймагында дагы 453 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып, акыркы сутканын ичинде ооруканадан чыгарылды.

Муну менен Кыргызстанда жалпы 69 миң 794 адам коронавирус менен пневмониядан айыкты.

Кошумчалай кетсек, акыркы суткада Кыргызстандын аймагында коронавирус жана пневмониянын кесепетинен каза болгондор катталган жок. Бүгүнкүгө чейин өлкөдө коронавирустан 1307 адам көз жумду.