Марал Радиосу

Кубан Чороев Боршайком менен соттошот

Президенттикке талапкер Кубан Чороев Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы сотко кайрылды. Соттук отурум эртең, 12-декабрда өтөт.

Кубан Чороев 10-декабрда БШКнын өзүн шайлоого катышуудан четтеткенине каршы арызданган. Ал эч кандай мыйзам бузбаганын айтууда.

Президенттикке талапкер Кубан Чороевдин кол тамгалары жараксыз деп табылды

Президенттик кызмат ордуна талапкер Кубан Чороевдин кол коюу барактары жараксыз деп таанылганын Борбордук шайлоо комиссиясы 9-декабрда кабарлаган.

Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү кол топтоо баракчаларын 3-декабрда тапшырган. БШКнын маалыматына караганда, кол коюу барактары шайлоо фондунан акча төлөнө электе эле жасалганы аныкталды. Бул мыйзамга каршы келет.