Марал Радиосу

Бажы кызматынын кырдаалдык борборуна техникалык жабдуулар берилет

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Карашев Бишкек шаарындагы ЕККУ программалык офисинин башчысы, элчи Пьер фон Аркс менен жолугушту.

Бажы кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда 2021-жылга карата пландалган иш-чаралар талкууланды. Ошондой эле бажы кызматынын борбордук аппаратынын кырдаалдык борборун техника менен жабдуу, бизнес-процесстерди автоматташтыруу, бажы кызматынын иш ыраатын санариптештирүү, кызматкерлердин адистик деңгээлин жогорулатуу, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү боюнча милдеттерди аткаруу үчүн көмөк көрсөтүү маселелери сүйлөшүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында кырдаалдык борбордун иштөөсү үчүн Бажы кызматына жабдуулар тапшырыла турган болду.