Марал Радиосу

Байден инаугурациясын онлайн өткөрүүнү пландаштырууда

Жо Байдендин АКШ президенти катары ишке киришүү инаугурациясы коронавирус пандемиясынан улам виртуалдык түрдө өткөрүлөт. Бул тууралуу «CNN» каналына конгрессмен Жеймс Клайберн маалымдады.

Клайберн 2021-жыл 20-январдагы инаугурацияны уюштуруучулардын бири болуп дайындалган.

«Президенттин ант берүү аземин салттык түрдө уюштуруу күтүлүүдө, бирок бул ирет инаугурациянын 75-80 пайызы виртуалдык түрдө өтөт», — дейт Клайберн.

Байден өткөн жума ант берүү аземин өткөрүүдө коронавируска каршы чараларга өзгөчө көңүл бурууга чакырган.