Марал Радиосу

Ош-Баткен-Исфана унаа жолундагы кырсыкта бир киши каза болду

Баткен облусунун Баткен районунда жол кырсыгынан бир киши каза болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, 8-декабрь күнү эртең мененки саат 07:45те Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 223-чакырымында (Жаңы-Жер айылы) «Hyundai Solaris» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен бир жаран каза болгон (1989-жылы туулган эркек бала). Жерине  ӨКМнин куткаруучулары тартылып, маркумдун сөөгүн унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.