Марал Радиосу

Орусия коронавирус боюнча антирекорд койду

Орусияда акыркы суткада коронавирус инфекциясынын 28  782 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда өлкөнүн ыкчам штабы маалымдады.

Орусияда катталган бул көрсөткүч пандемия башталгандан бери эң максималдуу болгону айтылды.

Өлкө боюнча вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 2 миллион 431 миң 731ди түздү.

Соңку сутка ичинде вируска кабылган 508 бейтап каза болду. Орусияда пандемияда каза болгондордордун саны42 миллион 784кө жетти.