Марал Радиосу

Спорт агенттиги коррупцияга каршы челлендж баштады

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги Эл аралык коррупция менен күрөшүү күнүнө карата социалдык тармактарда челлендж өткөрөт.

Ал үчүн Facebook же Instagram баракчаңызда #бизкоррупциягакаршыбыз #мыпротивкоррупции хештегдери менен сүрөт же видео жүктөп, коррупциянын кесепеттери жөнүндө айтып берүү керек. Челендж 10-декабрда аяктайт.

Бул акция коомдо коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу көз карашын калыптандыруу максатында өткөрүлүп жатат.

Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен жыл сайын 9-декабрда Эл аралык коррупция менен күрөшүү күнү белгиленип келет.