Марал Радиосу

COVID-19: Акыркы суткада төрт бейтап каза тапты

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясынан төрт бейтап каза тапты. Алардын экөө Бишкек шаарында, бирөө Ысык-Көл облусунда, бирөө Баткен облусунда дарыланып жаткан. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

Ошондой эле 456 адам коронавирус илдетин жугузуп алганы аныкталды.

Мындан тышкары 382 бейтап оорудан айыгып чыкты:

Оору башталгандан бери өлкө боюнча 72 427 адам оору жугузуп алган, анын ичинен 63 789 бейтап айыгып чыгып, 1 266 бейтап каза тапкан.