Марал Радиосу

Ализа Солтонбекова Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болду

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон жарлыкка ылайык, Ализа Солтонбекова Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп дайындалды.

Жогорку Кеңеш 25-ноябрда Солтонбекованын талапкерлигин талкуулап, колдоп берген. Аны бул кызматка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков көрсөттү.

Ализа Солтонбекова 2018-жылдан бери Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп иштеп келген.

Министрликти буга чейин Улукбек Кочкоров жетектеген.