Марал Радиосу

COVID-19: Төрт адам коронавирустан каза болду

Кыргызстанда дагы төрт адам коронавирус илдетинен каза болду. Жалпы өлүм учурлары 1227ге жетти.

21-ноябрга карата 447 адам вирус жуктуруп алганы аныкталды. Алар:

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 69 миң 149ду түздү.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 505 адам сакайып, жалпы айыккандар 60 миң 294кө жетти.

Ал эми медициналык кызматкерлер арасында 19 жаңы учур катталып, 7 кызматкер айыкты.

COVID-19 вирусу 3806 медикке жугуп, анын 3532и сакайды.