Марал Радиосу

Казакстанда окуу жылы башталгандан бери миңден ашык окуучуга коронавирус жукту

Окуу жылы башталгандан бери Казакстанда 241 мугалимге жана 1042 окуучуга коронавирус жукту. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргенин Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

— 1-сентябрдан 16-ноябрга чейинки аралыкта нөөмөт класстарында окуп жаткан 302, аралыктан билим алып жаткан 740 окуучуга коронавирус жукту. Алардын бирөөнөн вирустук пневмония аныкталды. Мындан тышкары 241 мугалим коронавирус жуктуруп алган, — деди мекеменин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл комитетинин башчысы Айжан Есмагамбетова.

Ал ар бир учур боюнча эпидемиологиялык иликтөө башталып, байланышта болгон адамдар аныкталып, оорунун жайылуусуна жол бербөө максатында иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Казакстанда коронавирус пандемиясынан улам мектеп окуучулары өткөн окуу жылдын акыркы чейрегинде жана быйылкы окуу жылынын биринчи чейрегинде аралыктан билим алышкан. 16-ноябрда башталган экинчи чейректе окуучулары аз мектептер менен нөөмөт класстар салттуу билим берүү форматына өтүшкөн.

Казакстанда 1-августтан бери коронавирус менен жалпы 40488 адам катталды. Анын ичинен 29719 адам айыккан. Оорунун кесепетинен 421 бейтап көз жумду.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда быйыл сентябрь айында коронавирус жуктурган 48 окуучу катталган. Ал эми октябрь айында окуучулар арасында катталган учурлар 6,5 эсеге жогору болуп, 315ти түздү.