Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында Бишкекке кезектеги гуманитардык жүк келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Гуманитардык жүктү кабыл алууга вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов катышты.
Эльвира Сурабалдиева өзбек тарапка COVID-19 илдетине каршы күрөшүү боюнча чаралардын алкагында көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Медициналык жүктүн номенклатурасы: бир жолку кол каптар — 100 миң даана, бир жолку коргоочу комбинезондор — 10 миң даана, коргоочу көз айнектер – 2 миң даана, бир жолку бет каптар – 100 миң даана, «Гепарин» 5 мл – 1 миң куту, «Ремдесевир» – 5 миң таңгак, COVID-19 вирусунун алдын алуу үчүн медициналык топтом – 10 миң даана, COVID-19 вирусун аныктоо үчүн тест – 10 миң даана, натрий хлор 100 мл – 4 миң даана, бир жолку шприцтер – 60 миң даана, тамчылатуучу тутумдар – 20 миң даана.