Марал Радиосу

Жапаров жерди трансформациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду

«Сугат жана айдоо жерлерин трансформациялоого мораторий киргизүү жөнүндө», «Жер участокторун трансформациялоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизилди. Тийиштүү документке 13-ноябрда президенттин милдетин аткарган өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койду.

Мыйзам 2020-жылдын 4-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Максаты:

— мыйзам күчүнө киргенден кийин сугат айдоо жерлеринин жер участкаларында жеке турак жай үйлөрүн мыйзамсыз курган жарандардын көтөргөн маселелерин чечүү;

— айдоо жерлерин айыл чарба өндүрүшүнө пайдаланууга жараксыз же жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы бар сугат жерлерин которууга (трансформациялоого) мүмкүндүк берүү;

— айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу үчүн жаза каралат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тарта он күндөн кийин күчүнө кирет.

Айыл чарба багытындагы жерлерди трансформациялоого мораторий 2009-жылы жарыяланган. Айыл чарба багытындагы жерлерине үй салууга уруксат берүү талабы менен бир нече жолу нааразылык акциясы өткөн.

2020-жылдын 20-январында өкмөт тарабынан мекемелер аралык топ түзүлгөн. Жерлерди инвентаризациялоонун жыйынтыгында 1711,80 гектар жер такталган.

Жогорку Кеңеш жогоруда айтылган мыйзам долбоорлорун 22-июнда караган. Анда Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн райондорунда жана Ош шаары менен Кара-Суу районунда 2009-жылдан кийин курулуш жүргөн тилкелер камтылган.

Мыйзам Закон