Марал Радиосу

«Каныбек Исаков саясий эрки күчтүү, реформатор инсан эле»

Жогорку Кеңештин депутаты, саясатчы Каныбек Иманалиев мурдагы Билим берүү жана илим министри, профессор Каныбек Исаковдун саясий эрки күчтүү, реформатор инсан болгонун айтат.

«Садык Шер-Нияз экөөбүз: «Мектептер үчүн 100 окуу китебинин атын жазып, бекитип бергилечи», — деп кайрылып, эки жыл бою Исаковго чейинки 2 министрге тең бекиттире албай койгондо, кийин ушу киши бекитип берди эле. Аны жоготуу өтө өкүнүчтүү. Бирок жашоо ушундай экен, жакшы менен жаман үзөңгүлөш жүрөт», — деди депутат.

Профессор Каныбек Исаков каза болду