Марал Радиосу

Жапаров Финансы полициясынын төрага орун басарын алмаштырды

Бакытбек Гайназаров Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Жапаровдун дагы бир буйругу менен Сагынбек Абдылдаев Финансы полициясынын төрага орун басарлыгынан бошотулду.