Марал Радиосу

Кубанычбек Кадыров президенттикке катышуу ниетин билдирди

Кубанычбек Кадыров президенттикке катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды.

Кадыров Кубанычбек 1970-жылы 13-октябрда төрөлгөн. «Чындык» саясий партиясынын лидери.

Ал Жогорку Кенештин IV чакырылышынын депутаты болгон. Ошондой эле Ички иштер министринин орун басары болуп иштеген.

Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.