Марал Радиосу

«УИАга жаштарды тартууга аракет кылып жатабыз»

УИА жаштарды жана аялдарды илимге тартуу боюнча эки багыттын үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу мекеменин президенти Мурат Жуматаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Азыр магистратураны бүткөн жаштарды тарталы десек, алар 6-7 миң сом айлыкка келбейт. Ошондуктан 3-4 жылдан бери аракеттенип, билим жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизгенбиз. Ага ылайык академиянын институттарында магистратураларды даярдоого болот. Бул ишке ашса, академияда жаш окумуштуулар пайда болот», — дейт Жуматаев.