Марал Радиосу

Курсан Асанов үй камагына чыгарылды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов үй камагына чыкты. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттары Асановдун жактоочусуна таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Курсан Асанов 10-октябрда кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 10-декабрга чейин камакка алган. Ага 5-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыктарга байланыштуу кылмыш иши козголгон болчу.

Генерал Курсан Асановдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча 2-ноябрда Бишкекте тынчтык митинги да болуп өткөн.

Курсан Асанов камакка алынды