Марал Радиосу

COVID-19: Төрт бейтап каза болуп, 495 жаңы учур катталды

4-ноябрга карата COVID-19 илдетинен төрт бейтап каза болду. Муну менен коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 1163 адамга жетти.

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 495 жаңы учуру катталды.

Ушуну менен өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын саны 60 миң 774кө жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 527 сакайды. Вирустан айыккандардын жалпы саны 51 миң 815ти түзүүдө.