Марал Радиосу

COVID-19: Дагы 400 бейтап жаңы катталып, 547 адам айыкты

3-ноябрга карата COVID-19 илдетинен төрт бейтап каза болду. Анын экөө Бишкек шаарында, экөө Баткен облусунда катталды.  Өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 1159га жетти.

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 400 жаңы учуру катталды. Анын эң көбү Жалал-Абад облусунан чыкты.

Учурда ооруканаларда 3367 бейтап бар, анын 109у өтө оор абалда. Үй шартындагы дарыланууда 3889 адам бар.

Ошол эле акыркы суткада COVID-19 илдетинен 547 бейтап сакайды.

Кыргызстан боюнча дагы 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, ошондой эле 19 медик айыкты. COVID-19 вирусу 3624 медикке жугуп, 3359у сакайды.