Марал Радиосу

3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтөт

Бүгүн, 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтөт. Буга чейин бир катар штаттарда эрте добуш берүү жүрдү.

Президенттик шайлоодогу талапкерлер – республикачылар көрсөткөн учурдагы президент Дональд Трамп менен Демократиялык партиянын талапкери Жо Байден.

АКШдагы жалпы шайлоодо 35 сенатор, Өкүлдөр палатасынын бардык 435 мүчөсү, штаттардын жана аймактардын 13 губернатору жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайланат.

АКШдагы букмекерлер демократ Жо Байден президенттик шайлоонун фаворитине айланганын айтышууда. Анын жеңишине ишенгендердин саны өлкөнүн учурдагы президенти Дональд Трампты колдогондордон эки эсе көп болууда.

АКШда президенттик өнөктүк: фактылар жана сандар