Марал Радиосу

Орусиядагы элчилик: Паспорт маселелери боюнча иш убактысы узартылды

Паспорт маселелери боюнча кайрылуулардын кескин көбөйүшүнө байланыштуу Кыргызcтандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүндө иш убактысы узартылды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Элчилик 2020-жылдын октябрь айында 1342 жаранды паспорт алуу / алмаштыруу үчүн кабыл алган. Ал эми өткөн жылдын октябрь айында аталган маселе боюнча Кыргызстандын 320 жаранын кабыл алган.

Маалыматка караганда, паспорт маселелери боюнча жарандардын кайрылуусу өткөн жылдарга салыштырмалуу үч эсеге көбөйдү.