Марал Радиосу

COVID-19: Үч бейтап каза болуп, 596 адам жаңы катталды

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен үч бейтап каза болду. Анын экөө Баткен облусунда, бирөө Жалал-Абад облусунда катталды. Пандемия башталгандан бери коронавирустан көз жумгандардын саны 1142ге жетти.

Өлкөдө 30-октябрга карата COVID-19 илдетинин 596 жаңы учуру катталды. Анын эң көбү Бишкек шаары менен Баткен облусунда аныкталды.

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 58 миң 394кө жетти.

Ооруканаларда 3359 бейтап бар, алардын ичинен 90 адам өтө оор абалда. Үй шартындагы дарыланууда 3814 адам бар.