Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Үч бейтап каза болуп, 596 адам жаңы катталды

Кыска кабар | 30 Окт 2020 | 458 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен үч бейтап каза болду. Анын экөө Баткен облусунда, бирөө Жалал-Абад облусунда катталды. Пандемия башталгандан бери коронавирустан көз жумгандардын саны 1142ге жетти.

Өлкөдө 30-октябрга карата COVID-19 илдетинин 596 жаңы учуру катталды. Анын эң көбү Бишкек шаары менен Баткен облусунда аныкталды.

  • Бишкек шаары — 136;
  • Ош шаары — 23;
  • Чүй облусу – 89;
  • Ош облусу — 64;
  • Талас облусу — 39;
  • Нарын облусу — 7;
  • Ысык-Көл облусу – 35;
  • Жалал-Абад облусу – 91;
  • Баткен облусу — 112.

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 58 миң 394кө жетти.

Ооруканаларда 3359 бейтап бар, алардын ичинен 90 адам өтө оор абалда. Үй шартындагы дарыланууда 3814 адам бар.

Copyright © 2017 Maral FM