Марал Радиосу

Айжан Чыныбаева Бишкек шаарынын вице-мэри болду

Айжан Чыныбаева Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, Нариман Түлеев шаардын вице-мэри кызматынан бошотулду, анын ордуна мурунку вице-мэр Алмаз Бакетаев кайра келди.

Айжан Чыныбаева шаардын социалдык маселелери боюнча вице-мэрлик кылат.

Айжан Чыныбаева 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Бир бол» партиясынан катышкан.

Бишкек: Вице-мэрлердин иштен алынышына нааразы тараптардын митинги өттү

Айжан Чыныбаева 42 жашта. Ал Борбордук Азиядагы Америка университетин «Ишкердикти башкаруу» адистиги боюнча аяктаган.

Андан кийин Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын «Мамлекеттик башкаруу жана укук» багыты боюнча магистратураны аяктаган.