Марал Радиосу

Кыргызстанда жалпы 3605 медик коронавирус жуктурган

Кыргызстанда коронавирус жуктурган медициналык кызматкерлердин жалпы саны 3605ке жетти. Акыркы бир сутка ичинде 3 медиктен вирус аныкталды.

Алар — Бишкек шаарында, Ош облусунда, Баткен облусунда.

Ошол эле акыркы бир сутка ичинде үй карантининдеги 7 медкызматкер айыкты.

COVID-19 вирусу 3605 медикке жугуп, анын 3309у сакайды.