Марал Радиосу

28-октябрда Жогорку Кеңеш жыйынга чогулат

Эртең, 28-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулат. Анда премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүүсү күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу маселеси каралат.

Атыр Абдрахматова 16-октябрда БШКнын мүчөлүгүнөн кетүү тууралуу арыз жазган.