Марал Радиосу

Орусия Кыргызстанга келген авиакаттамдарды көбөйтүү маселесин карайт

Орусия тарап Кыргызстан менен байланыштырган авиакаттамдардын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн карайт. Бул туурасында Кыргызстан менен Орусиянын Тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Сергей Лавровдун жолугушуусунда айтылды. Эки тараптын 23-октябрдагы жолугушуусунун жыйынтыгында маалымат жыйын уюштурулган.

Сергей Лавровдун айтымында, бул маселе эпидемиологиялык абалдан көз каранды.

«Бул маселе менен Росавиация жана коронавирустун жайылышына каршы турган тиешелүү органдар алектенип жатышат», — деди министр.