Марал Радиосу

COVID-19: Төрт бейтап каза болуп, 582 учур жаңы катталды

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен төрт бейтап каза болду. Пандемия башталгандан бери вирустан көз жумгандардын саны 1126га жетти.

23-октябрга карата COVID-19 илдети менен 582 бейтап катталды. Анын ичинде эң көп учур Ош жана Баткен облустарында катталды.

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 54 миң 588ге жетти.

Учурда ооруканаларда 3139 бейтап бар, үй шартындагы дарыланууда 2719 адам бар.

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 324 киши айыкты. Коронавирустан айыккандардын жалпы саны 47 миң 50 болду.