Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Төрт бейтап каза болуп, 582 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 23 Окт 2020 | 471 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен төрт бейтап каза болду. Пандемия башталгандан бери вирустан көз жумгандардын саны 1126га жетти.

23-октябрга карата COVID-19 илдети менен 582 бейтап катталды. Анын ичинде эң көп учур Ош жана Баткен облустарында катталды.

  • Бишкек шаары — 63;
  • Ош шаары — 59;
  • Чүй облусу – 81;
  • Ош облусу — 127;
  • Талас облусу — 17;
  • Нарын облусу — 7;
  • Ысык-Көл облусу – 29;
  • Жалал-Абад облусу – 86;
  • Баткен облусу — 113.

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 54 миң 588ге жетти.

Учурда ооруканаларда 3139 бейтап бар, үй шартындагы дарыланууда 2719 адам бар.

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 324 киши айыкты. Коронавирустан айыккандардын жалпы саны 47 миң 50 болду.

Copyright © 2017 Maral FM