Марал Радиосу

Инвестицияларды коргоо агенттигинин директору алмашты

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу берген арызына ылайык кызмат ордунан бошотулду. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койду.

Дагы бир буйрукка ылайык, аталган агенттиктин жетекчилигине Данияр Акматов дайындалды.

Шумкарбек Адилбек уулу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигин 2018-жылдан бери жетектеп келди.