Марал Радиосу

Садыр Жапаров: Кыргызстанда орус тилинин макамы өзгөрбөйт

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстанда орус тили расмий тил боюнча каларын жана анын макамын өзгөртүү боюнча ой жок экенин билдирди. Ал бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушууда айтты.

Жапаров буга байланыштуу Кыргызстандын айылдарында жашаган жарандарга сабак берүү үчүн орус тили мугалимдеринин санын көбөйтүүнү өтүндү.

Тараптар 21-октябрдагы жолугушууда Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүү, үзгүлтүксүз каттамдарды көбөйтүү мүмкүнчүлүгү, социалдык-экономикалык абалды талкуулашты.