Марал Радиосу

COVID-19: Беш бейтап каза болуп, 549 адам жаңы катталды

21-октябрда Кыргызстанда COVID-19 илдетинен беш: Баткен облусунан эки , Бишкек шаарынан үч бейтап каза болду. Муну менен коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 1118ге жетти.

Акыркы суткада COVID-19 илдетин жуктурган 549 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында менен Жалал-Абад облусунда.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 53 миң 459 болду.

Ошол эле акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 305 бейтап сакайды. Алар:

Өлкөдө вирустан айыккандардын саны 46 миң 444кө жетти.

Учурда ооруканаларда 2796 бейтап дарыланып жатат, үй шартындагы дарыланууда 2612 бейтап бар.

Бир сутка ичинде 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми 16 медкызматкер айыкты.