Марал Радиосу

Кадыржан Семетеев Бажы кызматынын төрагасы болду

Кадыржан Семетеев Өкмөткө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин Кадыржан Семетеев Бажы кызматынын пост-бажылык көзөмөл департаментинин башчысы болгон.

Садыр Жапаровдун өкмөтү бекитилип жатканда Бажы кызматынын төрагалыгына Элнура Мамбетжунушеванын талапкерлиги сунушталган. Жапаровдун 19-октябрдагы жарлыгы менен Элнура Мамбетжунушева Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Элнура Мамбетжунушева Бажы кызматынын башчысы болду