Элнура Мамбетжунушева Бажы кызматынын башчысы болду

Элнура Мамбетжунушева өкмөткө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрайымы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду. Мындай чечим Матраимовдордун үй-бүлөсүнө тийиштүү жактарды бажы органдарындагы иштен бошотуу, алар орноткон коррупциялык схемаларды жоюу максатында кабыл алынды. Башка буйрук менен Алтынбек Торутаев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду. Садыр Жапаров жаңы кадрларды дайындады (тизме)