Мамлекеттик кадр кызматынын директору Досалы Эсеналиев ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү Жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 19-октябрда кол койгон.
Маалыматтарга караганда, экс-президент Сооронбай Жээнбеков 14-октябрдагы жарлыгы менен Досалы Эсеналиевди Мамлекеттик кадр кызматынын директорлугуна дайындаган.
Досалы Эсеналиев Президенттин аппаратын 2018-жылдын август айынан бери жетектеп келген.