Марал Радиосу

Жапаров: Бир мандаттуу парламент азырынча туура эмес экен

Бүгүнкү парламент жыйынында өкмөт башчы Садыр Жапаров парламентке бир мандаттуу шайлоо азырынча туура эмес экенин айтты.

Анын айтымында, азыркы тапта шайлоо босогосун 5%га түшүрүү туура болот. «Бул менин жеке пикирим, парламентке таңуулаган жокмун. Шайлоо күрөөсүн 5 млн сомдон 1 млн сомго түшүрүү, ошондой эле 120 деген санды 90 же 70ке азайтуу туура болот деп эсептейм жана парламентке сунуш катары айтам», — деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле, ал парламенттик жана президенттик шайлоо өткөндөн кийин гана Конституциялык реформага баруу туура болот деп эсептей турганын кошумчалады.