Марал Радиосу

COVID-19 дагы 431 адамга жукту, 208 бейтап айыкты

Бир сутка ичинде 431 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алды. Республикалык штаб маалымдагандай, муну менен илдет илээштиргендердин жалпы саны 51 миң 20 адамды түздү. Алардын 20сы медициналык кызматкер.

Акыркы суткада стационардан 2, үй карантининен 13 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3508 учур катталды, алардын ичинен 3128 медкызматкер айыгып чыкты.

Акыркы суткада катталган жаңы учурлар:

Сутка ичиндеCOVID-19 илдетинен жана пневмониядан 4 бейтап каза болду.

Жалпы: 1103 

Бир сутка ичинде пневмонияны эсепке алганда COVID-19 илдетинен 208 бейтап сакайып чыкты.

Айыгып чыккандардын жалпы саны: 45 288