Марал Радиосу

Тилек Матраимов үй камагына чыгарылды

Тилек Матраимов үй камагына чыгарылганы айтылып жатат. Бул тууралуу Ош облустук сотуна таянып, маалымат каражаттары жазууда.

Буга чейин Тилек Матраимов соттун чечими менен УКМКнын Ош аймагындагы  тергөө абагына 9-ноябрга чейин камалган эле.

13-октябрда Ош облустук соту Матраимовдун жактоочусунун арызын карап, канааттандырган.

Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов 6-октябрда Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын кесип өтүүгө аракет кылганда өзбек чек арачылары тарабынан кармалган.

УКМК мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысынын негизинде сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

9-октябрда өзбек чек арачылары Матраимов жана аны менен кошо кармалган эки жаранды кыргыз тарапка өткөрүп беришкен.