Марал Радиосу

COVID-19: Беш адам каза болуп, 388 учур жаңы катталды

Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирустан 5 адам каза тапты. Бишкекте 1, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 2 өлүм учуру катталды. Ушуну менен коронавирустан көз жумгандардын саны 1 миң 99 болду.

15-октябрга карата коронавирустун жаңы 388 учуру катталды. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, Жалал-Абад, Баткен облустарында көп катталууда.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 50 миң 589га жетти.

Өлкөдө сутка ичинде 196 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бишкек шаарында – 17, Ош шаарында – 20, Чүй облусунда — 12, Ош облусунда – 40, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 62, Баткен облусунда – 32 бейтап айыкты.

Учурда коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 45 миң 80 адамга жетти.