Марал Радиосу

Алмаз Бейшеналиев Билим берүү жана илим министри кызматына сунушталды

Бүгүн Жогорку Кеңеш кезексиз жыйында кыргыз өкмөтүнүн курамын жана программасын бекитүүдө. Анда премьер-министр кызматына талапкер Садыр Жапаров  Билим берүү жана илим министри кызматына талапкер катары Алмаз Бейшеналиевди да сунуштады.

Белгилей кетсек, Алмаз Бейшеналиев — Кыргызстандагы эң жаш профессорлордун бири. Ал учурда Борбор Азиянын аймактык илим изилдөө институнун директору. Буга чейин АКШдагы Жон Хопкинс университетинде эмгектенген. Аталган университеттин профессору наамын да алган.

«Билим берүүнү өнүктүрүү боюнча даяр программаларым бар»